Келтирилген зыянды оңдоо милдети
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КЕЛТИРИЛГЕН ЗЫЯНДЫ ОҢДОО МИЛДЕТИ – биринчи ирет чоң эмес же орто оорлуктагы кылмыш үчүн айыпталып жаткан жашы жетелек өспүрүмгө карата белгиленүүсү мүмкүн болгон мажбурлап тарбиялык таасир этүү чараларынын бири. Анын мүлктүк абалын жана тийиштүү эмгек жөндөмдүүлүктөрүн эсепке алуу менен жүктөлөт.